Күндүн сүрөтү. Алымкадыр Бейшеналиев: Зулушев “камаласын” деп коркуткан

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасы каралып жатат.

IMG 20220604 195325 1024x560 1 Күндүн сүрөтү. Алымкадыр Бейшеналиев: Зулушев "камаласын" деп коркуткан

Бейшеналиевд Курманкул Зулушев аны камайм деп коркутканын сотто билдирди.

Эске салсак, 2-июнда Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон. Мекеменин маалыматына караганда, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Ошол эле күнү Башкы прокуратура COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлук боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин үч жетекчи кызматкери кармалганын билдирген.