
Москва районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 29-майда Москва райондук милициясына 1966-жылы туулган А.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал ошол эле күнү кечинде короосундагы меринос пародасындагы 4 баш кочкорду уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренсинин негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган К.О. аттуу жаран кармалып, Москва РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.