Казактсанда Акжол Махмудов биринчи орунду ээледи

Бүгүн, 3-июнда Казакстандын Алматы шаарында  өтүп жаткан эл аралык мелдеште Акжол Махмудов биринчи орунга жетти.

Акжол Махмудов 82 килограмм чен бирдигинде күч сынашып,  рейтингдик турнирдин финалына чейин жетти.  Финалда ирандык Пежман Поштам аттуу балбан менен килем үстүнө чыгып, 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздады.

Рейтингдик делген Болат Турлыхановдун Кубогу үчүн эл аралык турниринин экинчи күндүк беттештери уланды.