Раиса Атамбаеванын арызы боюнча кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлиги өлкөнүн мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын арызы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Социал-демократтар” партиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, ал милицияга кайрылып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызматкерлери үйлөрүнө чабуул жасай баштаганын билдирген.

«Алар чалган жок, тыкылдаткан жок, бирок эшиктерди дрель менен теше башташты, 15 адам беткапчан, ошондой эле идентификациялык белгилери жок аймакка киришти. Келгендер ал жакта жашаган экс-президенттин үй-бүлөсүн жана окуу-эс алуу комплексинин тарбиячыларын, музей кызматкерлерин чочутту. Раиса Атамбаеванын арызы кабыл алынып, иликтөө иштери башталды. Эч кандай документи жок, үй-бүлөнү көчүрүү боюнча соттун чечимисиз келгендер жакын арада кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп ишенебиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Темирлан Султанбеков Алмазбек Атамбаевдин жеке резиденциясында балдар үчүн окуу-эс алуу спорт комплекси ачыла турганын билдирген. Бул билдирүүдөн кийин ФУГИ өкүлдөрү резиденцияга келишип, үч күндүн ичинде бардык жайларды бошотууну суранышты.