
Россиянын “Урал авиалинии” авиакомпаниясы Кыргызстанга жүк-200дү бекер жеткирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Буга чейин Кыргызстандын жарандык аба жолдору мамлекеттик агенттиги орусиялык авиакомпания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 17-майда төмөнкү багыттар боюнча жүк-200 бекер ташуу боюнча макулдашууга жетишилди:
Челябинск — Ош;
Уфа — Ош;
Минералдык суулар — Ош;
Нижневартовск — Ош;
Казан — Ош;
Самара — Ош;
Сочи — Ош;
Самара — Бишкек;
Сочи — Бишкек.
Ошол эле учурда жүктү жөнөтүүчү перронду жана аэропорттун акысын өз алдынча төлөшү керек.