Тилектеш Ишемкулов: Токаев Кыргызстанды барктаганы үчүн келатат

Кыргызстандын Казакстандагы алгачкы элчиси Тилектеш Ишемкулов Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик расмий иш сапары тууралуу айтып, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле бекемдей бере турганын белгиледи.

«Биздин жумурият эл аралык деңгээлдеги өтө чоң окуянын астанасында турат. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик атайын расмий иш сапары менен келатат. Мындай даражадагы иш сапары менен тек гана мамлекет башчылары келет.

Убагында Нурсултан Назарбаев биздин өлкөгө бери эле дегенде алты жолу келип кеткен. Ал иш сапарларында дайым кыргыз-казактын ортосундагы туугандык мамилени айтып, эриш-аркак жашап келгенибизди белгилеп турчу.

Мен Кыргызстандын Казакстандагы алгачкы элчиси болуп барганда Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеп турган Токаев өзү кабыл алды эле. Ошол убактан бери жакшы ымалада болдук.

Азыр анын келери алдында жалпы коомчулуктун, улуттук интеллигенциянын жана дипломатиялык коомчулуктун алдында бул киши ким жана кандай жолду басып өткөн деген суроо турат. Токаев эл аралык деңгээлдеги мамлекеттик, саясий, коомдук ишмер. Анын ичинен өзгөчө орунду дипломатиялык кызматы ээлеп турат. Себеби бул киши менен дипломатиялык кызматтын, эл аралык мамилелердин, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу байланыштардын өңүтүнөн алып караганда эч ким таймаша албайт. Анткени ал дипломатиялык кызматтын эң эле төмөнкү «кара дыйканынан» тартып, эң бийик чордонуна жетти.

Бир гана дипломатия тармагынын эмес, мамлекеттик, өкмөттүк кызматтардын биринен сала бирин басып отуруп ушундай жогорку деңгээлге жетти.

Бул кишинин кыргыз элине жасаган мамилеси өтө жогору. Кыргызстанга чыныгы сүйүү, кадырлоо жана барктоо сезими менен келатат. Анын атасы да Кыргызстанга байма-бай келип турган, кыргыз жазуучулары менен жакын ымалаш болгон жазуучу эле.

Анын келиши менен эки тараптуу бир нече жогорку деңгээлдеги келишимдер даярдалып жатат деп болжосок болот. Эң негизги маселе экономикалык мамилелерди күчөтүү жана курчутуу керек. Анткени экономика тармагы маданияттан, саясаттан, руханий дүйнөдөн, гуманитардык багыттардан да биринчи орунда турат».