
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы көмүр шахтада газ чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-майда Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылындагы Краснопартизанская көчөсүндө жайгашкан көмүр шахтасында газ чыгып, жарандар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүгүнүн улук лейтенанты Кочкоровдун жетекчилиги астында 5 куткаруучу тартылды.
«Шахтанын 90 метр тереңдигинде 34 жаштагы Ноокат районунун Т.Ө.М. аттуу тургунунун жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.