Кочкор райондук ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон 55 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүштү

Нарын ОИИБи: Кочкор райондук ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон 55 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүштү

2022-жылдын 11-апрель күнү Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы жана жеке демөөрчүлөр менен биргеликте бөлүмдүн көчмө кабылдамасы менен район аймагындагы Кочкор, Арсы, Кара-Тоо, Теңдик, Ак-Жар, Кум-Дөбө, Бугучу, Чолпон жана Көбөнгөнсай жаңы конуштарда жашаган тургундар менен жолугушту.

WhatsApp Image 2022 04 14 at 13.40.19 1 Кочкор райондук ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон 55 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүштү

Аталган айылдарда жашаган жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдөн, жалгыз бой энелерден,жарым жетимдер жана 1-2-топтогу майыптардан кабар алып, ал абалын суроо менен ыйык орозо айынын урматы менен өздүк курамдын атынан муктаждыгы бар жалпы 55 үй-бүлөгө материалдык жана акчалай жардамдар көргөзүлдү.

Жергиликтүү тургундар өз кезегинде милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип иштерине ийгилик каалап өтүштү.

WhatsApp Image 2022 04 14 at 13.40.19 2 Кочкор райондук ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон 55 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүштү
WhatsApp Image 2022 04 14 at 13.40.19 Кочкор райондук ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон 55 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүштү

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы