Журналисттин өлүмүнө шектелген Батмакан Жолболдуева камакта отурган жайда венасын кести

Журналисттин өлүмүнө тиешеси бар делип кармалган блогер Батмакан Жолболдуева камакта отурган жайда венасын кескен.

Бул тууралуу 24. kgге блогердин жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Анын айтуусунда блогер орозо кармап жатат. Туугандары тамак-аш алып келүүсүнө тыюуу салынган.

“Мен Баткен областтык сотуна иш каралып жатканына байланыштуу келгем. Камактагы блогер айым жаза аткаруу жетекчиси жана кызматкерлер тарабынан кысуу болуп жатканын билдирген.

Муну уккандан кийин мен райондук милиция бөлүмүнө барганда жетекчилик ордунда жок болчу. Биз кеткенден кийин жетекчилик Жолболдуевага кысым көрсөткөн, андан соң ал венасын кескен” , – дейт жактоочу.