Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Шайлообек Атазов сөз сүйлөп жатып, айрым депутаттарды коррупционер деп айыптады.
Депутат жайыттар тууралуу мыйзам долбоорун коррупционер депутаттар гана колдошу мүмкүн деген пикирин айтып, кесиптештерин сынга алды.
Кесиптешинин сөзүнөн кийин сөз алган депутат Балбак Түлөбаев «мен бул мыйзам долбоорун колдойм, ошондо мен коррупционерминби?!» деп суроо салды.
Ал эми төрага Талант Мамытов колдосо коррупционер, колдобой койсо жакшы адам деп атоо туура эмес экенин белгилеп, депутатты этияттап сүйлөөгө чакырды.
Кайрадан микрофонго чыккан Атазов депутат Түлөбаевдин атын айтпаганын, бирок парламентте коррупционерлер бар экенин, кааласа атын атап берерин айтты.