Кыргызпатенттин делегациясынын Түркияга болгон иш сапары жыйынтыкталды

Кыргызпатенттин ведомствонун директору Рахат Керимбаева баштаган делегациясы 3-6-апрель күндөрү Түркия Республикасына иш сапары менен барды.

Иш сапардын жүрүшүндө бир топ жолугушуулар өткөрүлүп, төмөндөгү маселелер макулдашылды:

1. 4-апрелде, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар жана ТИКАнын вице-президенти Али Озгун менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар STEAM билим берүү, аялдардын ойлоп табуучулугу жаатында, жалпы билим берүү мекемелериндеги инновациялык класстарды тахникалык жактан камсыздоо жана мектептердин мугалимдери үчүн атайын тренингдерди уюштуруу боюнча кызматташууну макулдашты.

2. 4-апрелде, Кыргызпатенттин директору Түркиянын патенттик ведомствосунун президенти Джемиль Башпинарга жолукту.

Эки өлкөнүн патенттик ведомстволору өнөр жай менчигин коммерциалаштыруу, эксперттерди кадрдык жактан даярдоо, алардын тиешелүү квалификациялык деңгээлге жетүүсүн колдоо, географиялык көрсөткүчтөр, товардык белгилер жана товар чыгарылган жердин аталышы сыяктуу объектилер боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Натыйжада дан келип түшкөн сунуштарды кароо жана ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын түзүү макулдашылды.

3. 5-апрелде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумун (2021-жылдын 9-июну, Анкара шаары) ишке ашыруунун алкагында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева баштаган делегация Түркия Республикасынын маданият жана туризм министрлигинин автордук укук боюнча башкы башкармалыгына (Анкара шаары) визит менен барды. Делегацияны Түркиянын автордук укук боюнча башкы башкармалыгын башкы директору Зия Ташкент тосуп алды.

Жолугушуунун жыйынтыгында автордук укук жана чектеш укуктарды коргоо, креативдүү чөйрөнү өнүктүрүү, биргеликте конференцияларды, тегерек столдорду жана окутуу программаларын уюштурууну макулдашты.

4. 5-апрелде, Рахат Керимбаева Түркиянын Президентинин Аппаратынын Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Неше Гулзен менен жолукту. Тараптар технопарктарды жана бизнес-инкубаторлорду түзүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууну уюштурууну макулдашты.

5. 5-апрелде, Кыргызпатенттин жетекчиси Түркиянын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо башкармалыгынын (KOSGEB) президенти Хасан Басри Курт менен жолугушуу өткөрдү.

KOSGEB уюму менен биргеликте интеллектуалдык менчик объектилерин өндүрүштө колдонуу жана технологияларды трансферлөө, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында эки тараптуу кызматташуу Меморандумуна кол коюуну, инновациялык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты улантууну макулдашты.

6. 6-апрелде Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева баштаган делегация Стамбул шаарында жайгашкан “Стамбул Технопаркы” жана “Түркия Технология Командасы” мекемеси менен таанышты.

Жолугушууларда жогоруда аталган мекемелер менен Кыргызстанда технопарктарды жана инновациялык борборлорду куруудагы тажрыйба алмашуу, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташтыкты улантуу маселелери макулдашылды.

Кыргызпатенттин Түркия Республикасына болгон иш-сапары Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттиги (ТИКА) тарабынан каржыланды.

278047377 1428856614197493 2616342421583188036 n Кыргызпатенттин делегациясынын Түркияга болгон иш сапары жыйынтыкталды
277818232 1428857100864111 3519374586157202752 n 1 Кыргызпатенттин делегациясынын Түркияга болгон иш сапары жыйынтыкталды
278053126 1428847677531720 1608104744431303878 n Кыргызпатенттин делегациясынын Түркияга болгон иш сапары жыйынтыкталды
278057666 1428847537531734 4877289109544797168 n Кыргызпатенттин делегациясынын Түркияга болгон иш сапары жыйынтыкталды