
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү 102 кызматынан Кемин районуна караштуу Ак-Бекет айылында Чоң Чүй каналына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

ӨКМден жерине 6 куткаруучу тартылып, издөө-иштеринин натыйжасында Бообек жана Чым-Коргон айылдарынын кесилишинде каналдан 1987-жылы туулган С.Б. аттуу аялдын жансыз денеси табылган.
Куткаруучулар аялдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.