Кызыл-Кыяда түнкү маалда көчөлөрдө жүргөн жаш өспүрүмдөргө карата рейддер уюштурулууда

Кызыл-Кыяда түнкү маалда улуулардын көзөмөлү жок көчөлөрдө жүргөн жаш өспүрүмдөргө карата рейддер уюштурулууда


Азыркы Ыйык Орозо айында жаш өспүрүмдөр жарамазанды автоунаа өтүүчү жол четиндеги ашкана-кафелерге, эл көп жыйылчу соода борборлоруна айтышкандыктан, алардын коопсуздугун сактоо максатында Кызыл-Кыя ШИИБнин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери түн ичинде атайын рейддерди уюштурууда.


Ооз ачылгандан кийинки убакта жаш өспүрүмдөр ата-энелеринин көзөмөлүнөн чыгып акча табуу максатында кооптуу жерлерде жарамазан айтып жүрүшкөндүктөн, аларга милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

WhatsApp Image 2022 04 08 at 10.55.36 Кызыл-Кыяда түнкү маалда көчөлөрдө жүргөн жаш өспүрүмдөргө карата рейддер уюштурулууда
рейд учурунда


Мындан сырткары таравийх намазынан кийин өз алдынча жүрүп, топтошуп мушташууларга, укук бузууларга жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери мечиттерге барып, таравийх намазына келген жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөп, кеңештерин беришти.

WhatsApp Image 2022 04 08 at 10.55.36 2 Кызыл-Кыяда түнкү маалда көчөлөрдө жүргөн жаш өспүрүмдөргө карата рейддер уюштурулууда


Түнкүсүн ата-энесинин көзөмөлүнөн чыгып, өз алдынча жүргөн 5 өспүрүм аныкталып, ата-энелерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин (Ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.