
Кадамжай районунда баштыктан табылган ымыркайдын энеси аныктала элек. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Эскертке кетсек, 16-мартта саат 18:00 чамасында Кадамжай шаарынын 42 жаштагы тургуну малын багып жүрүп, Кадамжай районунун Миң-Жылга сайынан бир баштык таап алган.
Ичин караганда, ымыркайдын жансыз денеси болгон.