Төмөнкү Ала-Арча айылында эки баланы сүзүп кеткен айдоочу бир айга камакка алынды

ЖКККББ: 27-март күнү саат 21:30дар чамасында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Төмөнкү Ала-Арча айылында жол кырсыгы катталып, айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын Басма-сөз кызматы Булак кж редакциясына маалымдады.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери, БМВ 316 үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарынын тургуну 2001-жылы туулган П.И. аттуу жаранды кармашкан. Унаа атайын унаа токтотуучу жайга коюлган. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, айдоочуга карата Аламүдун райондук соту тарабынан Бишкек шаардык СИЗО-1ге бир айга тергөө абагында калтырылды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.


Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.