Молдовановкадагы абакка белгисиз затты ыргытууга шектелген эки жаран кармалды

Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-мартта 23:45 чамасында №1 түзөтүү мекеменин ыкчам бөлүмүнүн кызматери жана ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш чараларынын негизинде сырт тараптан белгисиз затты мекеменин ичин көздөй ыргытууга шектелген эки жаран кармалды. Алардын 1995 жана 1999-жылы туулган жарандар экени аныкталган.

whatsapp image 2022 04 01 at 12 00 35 Молдовановкадагы абакка белгисиз затты ыргытууга шектелген эки жаран кармалды

Тинтүүгө алганда 4 даана скотч менен оролгон салмагы 2 килограмм 170 граммды түзгөн өзгөчө атайын жыты бар күрөң түстөгү зат табылды. Окуя боюнча тийиштүү органдарга билдирилип, ИИМдин Аламүдүн РИИБге катталып, өткөрүлүп берилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.