Садыр Жапаров Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди.

Аталган долбоор биринчи кезекте Бишкек шаарынын калкын жана Бишкек жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылууда Кара-Кечеден көмүр ташуу үчүн эң арзан жол болуп саналат.

277464111 5055395044507131 455133263985343312 n Садыр Жапаров Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди

Жаңы темир жол куруунун натыйжасында өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүгө, экономиканы алдыга жылдырууга шарт түзүү, аймактарыбызды транспорт байланышы менен камсыз кылууну арттыруу жана жалпы эле өлкө бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир нече милдеттерди чечүүгө жол ачылат», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

277509188 5055395064507129 2889860323042580828 n Садыр Жапаров Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди