Кино чыгармачылыкка арналган “Кино-шам” иш-чарасы өткөрүлдү

Бүгүн, 30-мартта Кыргызпатент Кыргызстандын креативдүү индустриялар ассоциациясы жана «Тамчы Тасма» продакшн-студиясы менен бирге «Кино-шам» тематикалык пикир алмашуу (Нетворк) иш-чарасын өкөрдү.

4L7A7880 Кино чыгармачылыкка арналган "Кино-шам" иш-чарасы өткөрүлдү

Нетворкингдин максаты – креативдүү чыгармачыл чөйрөнү өнүктүрүү, киноиндустриядагы автордук укук жана чектеш укуктарды, товардык белгилерди каттоо, заманбап турмушта кыргыз тасмаларын өндүрүү боюнча коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу.

Тематикалык пикир алмашуу иш-чарасын Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, кыргыз кино тармагынын келечегине ишене тургандыгын билдирип, Кыргызпатент кино чөйрөсүн ар тараптан колдооого даяр экендигин билгиледи.

4L7A7866 Кино чыгармачылыкка арналган "Кино-шам" иш-чарасы өткөрүлдү

“Кино-Шам” иш-чарасына белгилүү маданий ишмерлер, режиссерлор жана кино актерлор катышып, Кыргыз Республикасындагы киноиндустриянын бүгүнкүсүн жана келечегин талкуулашты.