
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети жактырды.
Буга чейин Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып президент Садыр Жапаров дайындаган.