Компания тургундарга жардам берүүгө даяр, бирок алар жардамдан баш тартышты, – Мэрия

Кечээ Бишкекте курулуп жаткан көп кабатуу имараттын дубалы жанаша жайгашкан үйгө ураган. Кесепетинен 1958-жылы туулган аял киши жабыркаган. Окуя боюнча Бишкек мэриясы үн катты.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге вмце-мэр менен Ленин районунун акими барган.

«27-мартта болжол менен саат 03:о0-03:30 чамасында Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы коңшу жайгашкан үйгө ураган. Жаңы салынып жаткан имарат менен үйдүн ортосундагы аралык 3 метрди түзөт.

Жаңы салынып жаткан «Кубаныч» аталышындагы имаратты «KG Vostok Service» компаниясы куруп жатат. Кырсыктын кесепетинен экинчи кабатта жашаган 1958-жылы туулган аял киши менен 2011-жылы туулган бала жабыркаган. Үй 1954-жылы салынган.

Сегиз батир жашоого жараксыз экени, анын ичинен төртөө биринчи жана экинчи кабаттардагы батирлер экени белгилүү болгон. Компания турак жайдын талкаланган бөлүгүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана оңдолуп жаткан учурда жабыркаган тургундарды турак жай менен камсыз кылууга даяр. Бирок тургундар көрсөтүлгөн жардамдан баш тартышкан»,- деп айтылат маалыматта.