
Бүгүн, 28-мартта эртең менен Москва районунун Ак-Торпок айылында өлүм менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 11 адам жабыркап, 1 эркек адам жеринен каза тапкан. Кырсык катталган жерге 5 куткаруучу тартылды. Алар саат 08:40та жараксыз абалдагы унаага кыпчылып калган Э. Ж. аттуу жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган адамдар аймактык ооруканага жеткизилген.