Украинада кыргызстандык 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза болду

Украинада Орусиянын жарандыгын алган теги кыргызстандык 26 жаштагы Рустам Зарифулин каза тапты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгүн алып келген учак бүгүн, 26-мартта Канттагы Орусиянын аба базасына түнкү саат 3тө конгон.

«Маркум Кара-Балта шаарында туулуп-өскөн. Мектепти бүтүргөндөн кийин Орусиянын жарандыгын алып, аталган өлкөнүн армиясында келишимдик негизде кызмат кылып жүргөн. Анын ата-энеси жана бир туугандары Кара-Балта шаарында жашайт»,-деп жазылат маалыматта.

Зарифулиндин сөөгү 27-мартта Кара-Балтада жерге берилет.