Баткен облустук телеканалынын журналисти Арзуу Галымбетова 38 жашында каза болду

Баткен облустук телеканалынын журналисти Арзуу Галымбетова 38 жашында каза болду. Бул тууралуу Баткен Медиа борборунан билдиришти.

Арзыгул Галымбетова 1984-жылы Ош облусуна караштуу Баткен районунда төрөлгөн.

2009-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин журналистика жана информатика факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 2007-жылы «Эхо Манас» телерадиокомпаниясында алып баруучу болуп баштаган.

2007-2008-жылдары «Кыргызстан обондору»радиостанциясында кабарчы жана радио алып баруучу болгон.
2008-2009-жылдары «КТР ОБО» гезитинде кабарчы болуп эмгектенген.


2010-жылдан бери Баткен телеканалында редактор-баяндамачы, ага редактор, улук редактор кызматтарында эмгектенген.

FB IMG 1648277901438 Баткен облустук телеканалынын журналисти Арзуу Галымбетова 38 жашында каза болду


2010-жылдан тартып АКИpress агенттигинин Баткендеги өкүлү болуп эмгектенип келген.

Арзуу мыкты кесипкөй журналист болуп, чек ара, аткезчилик, коррупцияга каршы күрөшүү темаларында байма-бай маалыматтарды калктын калың катмарына жеткирип келген. Анын эмгеги элдин эсинде калып, кыргыз журналистикасында өчпөс из калтырды.

Bulak. kg редакциясынын эмгек жамааты Арзуу Галымбетованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана орду толгус кайгыны жакындары жана туугандары менен тең бөлүшөт.