“Шереметьеводо” бир нече миң кызматкерлер убактылуу жумушсуз калды

Орусиянын эң ири аэропорту “Шереметьеводо” кызматкерлердин саны 20 пайызга (бир нече миң кызматкер) кыскартылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, аэропорт жетекчилиги кызматкерлердин 20 пайызынын ишин убактылуу токтотушканын билдиришкен. Себеби учурда учактар Орусиядан чет өлкөгө учпагандыктан, бул жакка чет элдик авиакомпаниялар учпай калгандыктан түштүк терминал комплекси толугу менен жабылган. Ошол себептен кызматкерлердин санын кыскартууну чечишкен.Жумушту аргасыздан токтото туруу мөөнөтү канчага созулары айтылган эмес. Алардын жумуш орду сакталып турганы, айлыгынын үчтөн экиси төлөнүп турары айтылды.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден тартып ондогон өлкө Орусия менен учак каттамын токтоткон, ал эми Европа биримдиги орусиялык учактар үчүн аба мейкиндигин жапкан.

“Шереметьево” аэропортунда жүргүнчүлөрдүн агымы жети эсе кыскарып, азыр өлкө сыртына күнүнө эң көбү 15 учак чыгууда.
https://www.super.kg/kabar/news/401625/