
Бишкек шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан окуучу кыз табылды. Бул тууралуу 18-мартта Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7 жаштагы Диана 17-мартта Бекенбаев көчөсүндөгү үйүнөн кошумча сабакка баруу үчүн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Свердлов РИИБдин кызматкери Диананы ата-энесине өткөрүп беришти.