“Чындык тарабында турасыз деп ишенем”: Муртазалиев президентке  кайрылуу жасады

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

«27-февралда, Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо Бишкектеги эки округда — Биринчи май жана Свердлов районунда өттү. Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 6 миңге жакын шайлоочунун добушун алуу менен алдыга чыктым.

9-мартта БШК менин талапкерлигимди шайлоодон алып салган, бирок жеңиш алып салынган жок жана бул факты тарыхта түбөлүк калат. Мамлекет башчы катары ар дайым чындык тарабында турасыз деп ишенем. Менин талапкерлигимдин айланасындагы жагдайлар калыс, бейтарап чечилишин өтүнөм», — деп билдирген ал.

YouTube video