Жанар Акаев: “Карызга баткан 5-каналды саткыла”

Мындай пикирин депутат Жанар Акаев бүгүн, 16-мартта, Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында КТРКнын макамын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда айтты. “Министрлер кабинетине бир эскертүү берсек жакшы болоор эле. Жок нерсени талкуулап жатабыз, бул мыйзамдын өзүнүн кереги жок! Азыр деле президент дайындайт”-деди.

Эл өкүлү ошондой эле, кимди ким дайындай тургандыгын баары жакшы билээрин жана мыйзамдын кереги жок экендигин белгиледи.

“Миллард сомго чейин мамлекеттин көз карашын чагылдырыш үчүн кетип жатат. Кабар кж деген мамлекеттик сайтка 29 миллион сом кетет. Силер ошол маалымат булагын ачып, окуйсуздарбы. Жөн эле убактыбызды текке кетирип жатабыз. Мындан ары реалдуу мыйзам долбоорлорун алып келгиле!” – деп баса белегиледи Акаев.

YouTube video