Анарбек Акматбеков Эл аралык орус тил өнөр Академиясына жана Орусиянын Жазуучулар союзуна мүчө болду

ИИМдин Басма сөз кызматынын ардагери Эл аралык орус тил өнөр Академиясына жана Орусиянын Жазуучулар союзунун Москва облустук уюмуна мүчө болду.

WhatsApp Image 2022 03 16 at 08.25.55 Анарбек Акматбеков Эл аралык орус тил өнөр Академиясына жана Орусиянын Жазуучулар союзуна мүчө болду


Ички кызматтын подполковниги, ИИМдин Басма сөз кызматынын ардагери, акын жана прозаик. АКШнын Нью – Йорк шаарында жашаган Анарбек Акматбеков Эл аралык орус тил Академиясына жана Россиянын Жазуучулар союзунун Москва облустук уюмуна мүчө катары кабыл алынды.

WhatsApp Image 2022 03 16 at 08.25.55 1 Анарбек Акматбеков Эл аралык орус тил өнөр Академиясына жана Орусиянын Жазуучулар союзуна мүчө болду


Өз убагында Анарбек Акматбеков Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматы бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөгөн. Анарбек Акматбековго орус тилинин Эл аралык Академиясынын академиги ыйгарылгандыгы тууралуу диплом тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ардагер Анарбек Акматбековду куттуктап, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайт, окурмандарды жаңы чыгармалары менен кубандырсын! Биздин ардагерибиз менен бирге Эл аралык орус тил Академиясынын катарына жана Москва шаарында жашаган акын Айталы Жандаров, Кыргыз Республикасынын жараны Кайыргүл Сыдыканова жана Казакстан Республикасынын жараны Гүлмира Серккалиева Россиянын облустук Жазуучулар Союзунун уюмуна кошулушту. Алардын бардыгы республикалык, орус жана эл аралык жыйнактарда жарыяланган поэзия жана прозалык китептердин авторлору, ошондой эле көптөгөн сыйлыктардын лауреаттары жана номинанттарым болуп эсептелет.

WhatsApp Image 2022 03 16 at 08.25.56 1 Анарбек Акматбеков Эл аралык орус тил өнөр Академиясына жана Орусиянын Жазуучулар союзуна мүчө болду


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги биздин ардагерлердин ийгиликтери тууралуу билдирүүлөрдү сыймыктануу менен кабыл алат! Мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди жана жемиштүү ишти улантууну чын жүрөктөн каалайт!
ИИМдин Басма сөз кызматы