Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн чет элдик жарандар кармалганын УКМК маалымдады.
Тактап айтканда, 13-мартта Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген шек менен Борбор Азиядагы мамлекеттердин биринин эки жараны кармалды. Алар мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургундун жардамы менен жашынып жүрүшкөн.
Кармалгандар Кыргыз Республикасына келгенден кийин Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактардагы террористтик уюмдардын катарына кошулуу максатында өздөрүнө Кыргызстандын паспортторун жасатууга аракет кылышкан. Азыркы учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандар абакка камалды.