Ат-Башы милициясы окуучуларга спорттук мелдеш өткөрүп беришти

2022-жылдын 12-март күнү Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, ар кандай укук бузууларга жол бербөө, жаштарды сергек жашоого үндөө жана патриоттуулукка тарбиялоо багытында кыздар арасында спорттук иш-чара өткөрүштү.

WhatsApp Image 2022 03 15 at 09.12.26 Ат-Башы милициясы окуучуларга спорттук мелдеш өткөрүп беришти

Иш-чарага райондун аймагындагы орто мектептеринин окуучулары катышып, бул спорттук мелдеш мектеп аралык достукту, ынтымакты бекемдөөгө жана окуучулар бири-бири менен жакындан таанышууга шарт түзүлүп, оюн кызуу уланып, оюнду уюштуруп берген милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип өтүштү.

WhatsApp Image 2022 03 15 at 09.12.26 1 Ат-Башы милициясы окуучуларга спорттук мелдеш өткөрүп беришти

Жыйынтыгында катышкан командаларга Ат-Башы РИИБи тарабынан кубок, грамоталар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы