
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жамангулов 2 айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Биричи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Жамангулов 12-майга чейин камакта калтырылган.
«А.Ж.Ж.го карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2022-жылдын 12-май күнү саат 16:53кө чейин тандалды. Ал Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алынды», — деп билдиришти мекемеден.
Буга чейин» Мегаком» компаниясынын мурдагы директору Акылбек Жамангулов ири суммадагы алдамчылыкка айыпталып кармалган.