
12-мартта Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунун жашоочусу 3-кабаттан кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар окуя болгон жерге барып, 1962-жылы туулган Р.А.Р. аттуу жаран мас абалында турак үйдүн 3-кабатынан кулап, оң буту сынгандыгын аныкташкан.
Куткаруучулар жаракат алган жаранга алгачкы жардам көрсөтүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу.