Бакыт Төрөбаев: Жарманкелерди уюштуруу керек

Жогорку Кеңештин депутат Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун алкагында болуп жаткан маселелер боюнча ири ишкерлерге, супермаркет ээлерине жана дыйкандарга кайрылуу жасады. 

Эл өкүлү биринчи кезекте элдин жашоосун жеңилдетүү маанилүү экенин белгиледи.

«Мен ишкерлерше жана супермаркет ээлерине кайрылам: учурдагы кырдаалга байланыштуу азык-түлүктүн баасынын өзгөрүшү боюнча эл арасында алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө. Буга байланыштуу ар кандай жарманкелерди да уюштурууга болот. Ал эми бааны кошууда өтө эле аша чаап кетпегиле. Мен да учурунда ишкер болгом. Бизге баарынан да элдин ыраазычылыгы, ак батасы кымбат турат. Ошондуктан эл үчүн иштеп берели.

Ошондой эле дыйкандар бизге негизи керектүү продукцияларды себип, өзүбүздүн үрөндү көбөйтсөк жакшы болот», – деди Төрөбаев.