
Казакстандан Кыргызстанга 22 миң кг тоок этин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан текшерүү учурунда тоо этинин ветеринардык коштомо документтери жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
“Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.