Ак-Талаа РИИБү ысырапкерчилик боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат

Нарын ОИИБи: Ак-Талаа РИИБү ысырапкерчилик боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштеринжүргүзүп жатышат

WhatsApp Image 2022 03 10 at 09.22.46 Ак-Талаа РИИБү ысырапкерчилик боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 24.02.2022-жылдагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча” Жарлыгы боюнча район аймагында айыл аймактарда казыят, дин кызматкерлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери, өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирдикте маркумду акыркы сапарга узатуу учурларында, маркумду эскерүү иш-чараларында, тойлорду, үлпөт тойлорду, ажылык жана башка тойлорду өткөрүлүшү боюнча учурда профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

WhatsApp Image 2022 03 10 at 09.22.46 2 Ак-Талаа РИИБү ысырапкерчилик боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат

Мындан тышкары милициянын көчмө кабылдамасы менен жергиликтүү айыл тургундары менен жолугушуулар өткөрүлүп, ар кандай салтанат тойлорду, каада-салттарды, үрп-адаттарды тартипке келтирүү ашыкча чыгымдарга,ысырапкорчулукка барбоо боюнча калк арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл тургундары да түшүнүү менен кабыл алып, өз ойлорун билдирүүдө.
Ошондой эле Ак-Талаа районунун аймагында жайгашкан орто мектептерде окуучулар жана ата-энелер менен жолугушуп, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, ар кандай укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана диний экстремизм тууралуу кеңири маалымат берилип,суроо жооптор болуп, жол коопсуздугу жол эрежелери боюнча да түшүндүрмөлөр берилди.

WhatsApp Image 2022 03 10 at 09.22.47 Ак-Талаа РИИБү ысырапкерчилик боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы