Украинадагы элчи кыргызстандыктарга Польшадан акыркы жолу бекер учуу тууралуу эскертти

People in the airport. People are not recognizable.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси кыргызстандыктарга Польшадан акыркы жолу бекер учуу тууралуу эскертти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«16- март, шаршемби күнү Польшадан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган акыркы бекер учак учурулат, ошондуктан бардыгыңыздарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүнү сунуштоо менен бирге, Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү керек экендигин баса белгилейбиз.

Львов шаарына бекер эвакуациялык поезд, же болбосо, такси жана автобустар менен келсеңиздер болот.