Эдил Байсалов Дмитрий Марьясин менен жолугушту

 Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУ Европа Экономикалык Комиссиясынын Аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Марьясинге өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана БУУ туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча иштер тууралуу маалымат берди.

6229b1c749f0d thumb Эдил Байсалов Дмитрий Марьясин менен жолугушту
Эдил Байсалов БУУ Европа Экономикалык Комиссиясынын Аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин менен жолугушту

Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин БУУ ЕЭК менен соода-экономикалык өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу энергетика, шаар куруу, аймактык транспорттук байланыш жана башка тематикалык багыттар боюнча көп кырдуу техникалык кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын ырастады.

Өз кезегинде Дмитрий Марьясин БУУ туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө багытталган Министрлер Кабинетинин социалдык-экономикалык реформаларын колдоого алып, БУУ ЕЭК өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде зарыл болгон техникалык жардамды көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди.

Жолугушууда тараптар ошондой эле Эдил Байсаловдун Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) өтүүчү БУУ Туруктуу өнүгүү боюнча регионалдык форумуна төрага катары катышуусуна даярдыктарды талкуулады.