Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтүп жатат.
Маалыматка ылайык, жыйында 5 маселе каралат.
Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
1. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 04.05.21деги № 199 токтом) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
2. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-13654/21, 01.10.2021-ж.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
3. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-13655/21, 01.10.2021-ж.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);
4. “Жол фонду жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (мыйзам долбоорунун демилгечилери – VI чакырылышынын депутаттары Алимбеков Н.К., Ормонов У.З., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Анарбаев С.С.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);
5. “Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (мыйзам долбоорунун демилгечилери – VI чакырылышынын депутаттары Алимбеков Н.К., Ормонов У.З., Карашев А.А., Жапаров А.Ү., Анарбаев С.С.) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет).