
2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн 50%га чейин көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, пенсиянын базалык бөлүгү 4 миң 300 сомду түзөт.
Алиев бул пенсионерлердин бардык категориясына тиешелү экенин белгиледи.
Азыркы учурда республикада 713 миң пенсионер бар.