Мэр Эмилбек Абдыкадыров “Нур Строй Монтаж” курулуш компаниясынын да жетектеп жатат

Бишкектин жаңы мэри  Эмилбек Абдыкадыров  “Нур Строй Монтаж” курулуш компаниясынын жетекчиси болуп дагы иштеп жатат.

Бул туурасында калаа башчысы журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында,  «Нур Строй Монтаж» курулуш компаниясынын башкы директорлугун өткөрүп берет. Азыр бул боюнча юристтер иштеп жатат, ал азыркы мыйзамдарда каралгандай бизнестен четтейт.