Бишкектин мэри айрым укуктарды акимдерге өткөрөт

Бишкек мэриясынын айрым ыйгарым укуктары райондук администрацияларга өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында билдирди.

«Менин позициям акимчиликтерди күчтөндүрүү. Бардык чечимди мэрия кабыл албайт. Ар бир район чечимди өзү кабыл алуу сунушун киргиздим. Мен акимдерге укукту өткөрүп берем, ар бири өз районундагы маселени чечиши керек. Укук менен бирге каржыны дагы өткөрүп берип жатам.

Ошону менен катар жоопкерчиликти дагы берем. Мэрия шаарга инвестиция тартуу жана ири долбоорлор менен алектениши шарт»,-деди ал.