
Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен кандай мамиледе экенин айтты.
Анын айтымында, президент менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин таанышкан.
«Садыр Нургожоевич жана Камчыбек Кыдыршаевич менен сый мамиледемин. Мен Бишкекте вице-мэр болуп турганда Камчыбек Ташиев менен бирге иштешкем. Президент менен жаңы тааныштым. Мен «Мекенчил» партиясы менен парламенттик шайлоого катышканымды белгилүү»,-деди ал.