Россияда 17 кабаттуу үйдөн кулап кеткен эки кыргызстандыктын абалы айтылды

Россиянын Москва районунда 17 кабаттуу үйдөн кулап кеткен эки кыргызстандык аман калды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, окуя 27-февралда болгон.

Анда үйдө достору менен эс алып отургандардын ортосунда жаңжал чыгып, 23 жаштагы кыз терезени ачып боюн таштоого аракет кылган. Аны куткарууга аракет жасаган 26 жаштагы жаран дагы кошо кулаган.

Бактыга жараша алар аман калышкан.

Учурда экөө тең оор абалда ооруканада.