“Т-Медиа” маалымат порталын телефон аркылуу коркуткан адам кармалды

Оштогу “Т-Медиа” маалымат порталына телефон чалып, коркуткан адам кармалды.

Бул тууралуу аталган редакция жазды.

Маалыматка ылайык, ал Жалал-Абад облусунун тургуну экени белгилүү болгон. Кармалган жаран жоругуна өкүнүп, журналисттерден кечирим сураган.

Эске салсак, 19-февралда «Т-Медианын» кызматтык телефонуна белгисиз адам байланышып, редакциянын кызматкерлери тууралуу маалымат сураган жана «кеңсеңерди өрттөп кетем” деп коркуткан.