Украина Орусия менен нейтралдык макам боюнча сүйлөшүүгө даяр. Бул туурасында аталган өлкөнүн президенти Владимир Зеленскийдин кеңсесинен билдиришкендигин РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, бирок Киевге коопсуздук кепилдиги керек экени кошо айтылган.
Буга чейин Украина башчысы Москва менен блоктон сырткаркы макамдан тарта бардык маселелерди талкуулоодон коркпой тургандыгын жар салган.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Орусия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.
Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Орусиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди. Андан сырткары, Путин орусиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун белгилеген.