
Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште алгачкы атаандашына утулуп калды.
Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалат.
Тыныбекова 62 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап катышып, алгачкы атаандашы бразилиялык Лаис Нунеске 8:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Эгер бразилиялык спортчу финалга чыкса, анда Тыныбекова коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Кошумчалай кетсек, спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүп жатат.