“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы Чет тилдери жана компьютердик системдерди программалоо колледжине материалдык техникалык колдоо көрсөттү.
Колледждин башчысы Гүлмира Чекированын айтуусунда, НМУ менен биргеликте колледждин материалдык техникалык базасын чыңдоо боюнча долбоор жазылып, ал “Кумтөр Гол Компани” тарабынан колдоого алынган.
Натыйжада бир миллион сомдон ашык каржыга, ноутбук, китеп, доска, туристик чатыр сыяктуу бир топ керектүү жабдыктарды алып беришкен. “Учурда колледжде билим алып жаткан студенттердин көбү компьютердик технология адистиги боюнча окуп жатышкандыктан аларга жаңы компьютерлер керек болду.
Биз НМУ менен Кумтөр компаниясына долбоор жазганбыз. Долбоорубуз жактырылып 15 жаңы үлгүдөгү ноутбук, үч интерактивдүү доска, түстүү принтер, сүрөт кружогунда кагаз коюп сүрөт тарта турган он жабдык алып беришти.
Ошондой эле быйылкы окуу жылында туризм тармагы боюнча студенттерди кабыл алабыз, туризмди практикалык көндүмдөр менен үйрөтүүгө керектүү туристик 10 чатыр, компас алып берди. Мындан тышкары Python программалоо тилдери, англис тили боюнча үч денгээлдеги, робототехника курстарына тиешелүү Аrduino платформасы тууралуу китептер келди. Булардын баары кымбат жана практикалык тапшырмалар менен иштөөдө керектүү китептер, биз үчүн жакшы жардам болду. Эми GPS система алып беришет.
Дагы долбоор жазып, Аrduino боюнча жабдыктарды жана үч проектор сурадык”,-деди Г. Чекирова. Аталган колледж эки жыл мурун ачылган. Азыркы күндө 1-2-курстарда жүзгө чукул студент билим алышууда. Келечекте алар техник программист кесибине ээ болуп чыгышат. Окутуу контрактык негизде жүргүзүлгөндүктөн, студенттердин социалдык статусуна карап жеңилдиктер берилет. Азыр ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелеген үч бала окуп жатат. Колледжге 9-класстын базасында 2 жыл 10 ай, ал эми 11-класстын базасында 1 жыл 10 ай окушат.