
19-февраль күнү Ысык-Көл РИИБне Чолпон-Ата шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, өткөн жылдын декабрь айында «Урмат» аттуу жаран ишеничине кирип, Бишкек шаарынын тургунуна тиешелүү болгон 40-тонналык темир контейнерди 1800 АКШ доллар акчага баалап, сатып кеткенин билдирген.
Бул факт Ысык-Көл РИИБнин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иштери козголгон.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү болгон жарандын өздүгү аныкталып, ошол эле күнү райондук милициянын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1980 ж.т. Чолпон-Ата шаарынын А.У. аттуу тургуну кармалган.
Ысык-Көл райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен кылмышка шектүү жаранга карата 2-айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда, Ысык-Көл районунун аймагында башка кылмыш иштерине тиешеси бар, же жоктугу текшерилүүдө.
Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы, аталган жаран алдамчылыктын башка фактыларына да тиешеси мүмкүн болгондуктан, шектүүнүн алдамчылык аракеттеринен жапа чеккендердин бардыгына төмөнкү байланыш номерлери боюнча кабарлоону суранышат: 0709203087, 0703332166