Атыр Абдрахматова Акыйкатчы кызматына сунушталды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматованын талапкерлиги парламенттин үч фракциясы тарабынан Акыйкатчы кызматына сунушталды.

Маалыматка ылайык, «Ишеним», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ынтымак» фракциялары Абдрахматованын талапкерлигин колдошкон.

Белгилей кетсек, Абдрахматова Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.

Эске салсак, буга чейин Акыйкатчы болуп 2021-жылдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган Токон Мамытов эмгектенип келген.