Ысык-Көлдө бир катар уурулукка шектелип, Чүй облусунун тургуну кармалды

Өткөн жылдын 7-декабрьда Каракол ШИИБге жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адамдар үйүнө киришип, 50 миң сом акча каражатын жана 40 килограмм этин уурдап кетишкендигин билдирген.

Ошол эле күнү, шаардык милицияга дагы бир жаран кайрылып, белгисиз адамдар үйүнүн терезеси аркылуу киришип, 51 миң сом акча каражатын уурдап кеткендиги жөнүндө кабарлаган.

Аталган фактылар Каракол ШИИБнин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иштер козголгон.

Жакында, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, шаардык милициясынын кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан, аталган кылмыштарга шектүү катары Чүй облусунун 32 жаштагы тургуну С.Н. кармашып, тергөө кызматына өткөрүп беришти.

Тергөө тарабынан шектүүнүн башка кылмыштарга тиешестиги бар, же жогун текшерүүдө.